Жапаров менен Ташиев Кумтөргө барып, жаңы жетекчини тааныштырды
RU

Жапаров менен Ташиев Кумтөргө барып, жаңы жетекчини тааныштырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиев Кумтөргө барып, жаңы жетекчини жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал белгилегендей, компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп Болотбек Идирисов дайындалды.

"Кумтөр Кыргызстандын элинин байлыгы иштеши керек. Ишканадан эффективдүү жана сарамжалдуу башкарууну талап кылабыз. Жерде нандын бир күкүмү да жатпашы керек. Ишке карата көзөмөл катуу болот. Эч кандай коррупциялык көрүнүштөр болбошу керек. Министрлер Кабинетине дүйшөмбүгө чейин иш пландарыңызды тапшырыңыз. Ошол эле учурда 17,5 тонна алтын казып алуу боюнча белгиленген планды аткаруу зарыл", - деди Акылбек Жапаров.

Эске сала кетсек, Тенгиз Бөлтүрүктүн ордуна Алмаз Барыктабасов "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын президенти болуп дайындалганы кечээ, 23-августта белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8062