Таласта унаадан өрт чыкты. Жабыркагандар бар
RU

Таласта унаадан өрт чыкты. Жабыркагандар бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта, Кара-Буура районунда жүк ташуучу унаадан өрт чыгып, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Оор жүк ташуучу унаанын 10 дөңгөлөгү жана кабинасы күйүп кеткен. Өрт электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыкан.

Жабырлануучу 1986-жылы туулган М.Р., 1988-жылы туулган У.М., 1990-жылы туулган Т.Д. тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Алар жеңил жаракат алганы айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8092