Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз дизель майын алып чыгууга аракет кылган киши кармалды
RU

Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз дизель майын алып чыгууга аракет кылган киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек арачылар Кыргызстандан контрабандалык жол менен дизель майынын ири партиясын алып өтүүнү токтотушту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Белгиленгендей, 28-августта "Кадамжай-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары Кыргызстандан чыгып бараткан 1990-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.Д.ны кармашкан.

Чек арачылар текшерүү учурунда техникалык шарттарда көрсөтүлбөгөн жашыруун колго жасалган бак табышкан. Анда айдоочу 5 миң литр дизель майын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Айдоочу күйүүчү-майлоочу майларды андан ары сатуу үчүн Өзбекстанга алып кетүүгө аракет кылган, деп түшүндүрдү чек ара кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8114