Жол кырсыгына кабылган аскерлердин абалы айтылды
RU

Жол кырсыгына кабылган аскерлердин абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Коргоо министрлиги жол кырсыгына кабылган аскерлердин абалы тууралуу комментарий берди.

Коргоо министрлиги жабыркаган курсанттардын абалына көз салып жатышканын кабарлады.

"Керектүү дары-дармектер менен камсыз болуп, медициналык кароодон өткөрүлүп жана операцияларда керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Мындан тышкары, тез калыбына келтирүү үчүн жакшы тамак-аш менен камсыздалып жатат.

Ооруканага жаткырылган аскер кызматчылары аскердик медицина кызматкерлеринин такай көзөмөлүндө. Учурда курсанттардын абалы канааттандырарлык деп айтылып жатат. Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык иликтөө жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-августта 25 курсант аскердик ант бергенден кийин "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинен Бишкекке келе жатканда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 21 адам жабыркап, алардын 9у ооруканада, 12си Аскердик госпиталда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8116