Косметикалык операциядан кийин бетинде тырыктар калып калган келин милицияга кайрылды
RU

Косметикалык операциядан кийин бетинде тырыктар калып калган келин милицияга кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Ош базарындагы" жеке менчик клиникалардын биринде операция жасаткан келин милицияга кайрылды. Арыз ээси косметикалык процедурадан кийин бетинде тырыктар калганын айткан. Ленин РИИБдин маалымат кызматынан бул окуя боюнча азыркы тапта тергөө иштери башталганын кабарлады.

"25-августта К.А. атту келин арыз менен милицияга кайрылды. Ал ушул жылдын 23-февралында "Ош базардагы" косметологиялык клиникалардын биринде бетинин терисин тарттыргандан кийин тырык калып калганын айтып, аны жасаган кызга карата чара көрүүнү өтүнгөн", - дешет маалымат кызматынан.

Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки тергөө жүргүзүлүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайылдаганын кошумчалашты мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8123