Эркек киши ат менен Европадан чыгыш Кытайга чейин барган. Сүрөттөр
RU

Эркек киши ат менен Европадан чыгыш Кытайга чейин барган. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

32 жаштагы саякатчы Сюй Жисиан жарым жылдын ичинде ат менен 2500 чакырымдан ашык жолду басып өттү. Ал саякаттап жүргөндөгү баскан-турганынын баарын социалдык тармактарда бөлүшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышыты.

Сюй сапарын 2022-жылдын 20-февралында Испаниянын Лалин шаарынан баштаган, азыр Нидерландияда. Ал күнүнө 30 км жол жүрүп, акчаны үнөмдөө үчүн Сюй чатырда уктайт.

Сюй ат мингенди билбегендиктен, жолго чыга электе үч ай ат мингенди үйрөнгөн. Ат менен саякаттоо тууралуу достору жана үй-бүлөсүнө айтканда ага ишенишкен эмес. Сюй сапарын Германия жана Австрия аркылуу улантат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8135