Парижде өткөн бий боюнча дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандык бийчилер финалга чыкты
RU

Парижде өткөн бий боюнча дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандык бийчилер финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парижде өткөн "Fusion Concept Festival" аталышындагы бий боюнча дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандык эгиз бийчилер Өмүр жана Эмир финалга чыгышты.

Эгиздер жеке баракчасына колдоочуларга ыраазычылык билдирип жазышкан.

"Бул башталышы гана. Дагы көп ийгиликтерге жетебиз. Бизди колдогондорго ыраазычылык билдиребиз"- деп жазышкан

.

Ал эми Жан Воинов калыстар тобунун мүчөсү болду. Бийчи бул фестивалга катышууга мүмкүндүк түзүп берген Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловго ыраазычылык билдирди.

"Бийчилер Кыргызстанды бүт дүйнөгө тааныта алышты", - деп белгилейт Жан Воинов.

Мындан тышкары фестивалга Парижге барууну кыялданган Үмүт-Надежда реабилитациялык борборунун бийчи баласы Руслан Ахмеров дагы учуп кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8137