Өз апасы 300 миң рублга сатууга аракет кылган бала балдар үйүнө жөнөтүлдү
RU

Өз апасы 300 миң рублга сатууга аракет кылган бала балдар үйүнө жөнөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Екатеринбургда өз апасы 300 миң рублга сатууга аракет кылган бала балдар үйүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу россиялык басылмалар анын өгөй атасы Жоомартка шилтеме берүү менен жазууда.

Бала менен көрүшүүгө азырынча уруксат жок экенин айтты.

"Анын абалы жакшы дешти. Психикасы боюнча баары жайында", - деди ал.

Жоомартка аялын көзөмөлгө албаганы үчүн айыпташкан. Бирок, ал аялынын мындай кылык-жоругуна ишене албай, дагы деле шок абалда. Ал киши айдоочу болуп иштейт жана тапканы алты баланы бакканга жетишээрлик экенин айтат.

Эске салсак, Екатеринбург ЖМКлары эненин жашы жете элек баласын сатуу аракети тууралуу жазып чыгышкан. Социалдык түйүндөрдөгү жазылуучу жарнакты "сатуу үчүн" көрүп калып, ыктыярдуу уюмга кайрылган. Алар аялдын биринчи никесинен бир уулу, экинчи никесинен эки баласы бар экенин аныкташкан. Жаңы күйөөсү өгөй уулуна каршы болуп, жубайлар карыздарын төлөө үчүн баланы сатууну чечишкен деп айтылган маалыматта. Аял эки айга камакка алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8138