Кыргызстандын футбол боюнча кубогун "Абдыш-Ата" клубу жеңди
RU

Кыргызстандын футбол боюнча кубогун "Абдыш-Ата" клубу жеңди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Футбол боюнча 2022-жылкы Кыргызстандын Кубогунун жеңүүчүсү Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу болду.

Кубок үчүн мелдеш 1-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Финалда "Абдыш-Ата" (Кант) жана "Нефтчи" (Кочкор-Ата) командалары беттешип, 1:0 эсебинде "Абдыш-Ата" жеңди.

Эске салсак, "Абдыш-Ата" бешинчи жолу Кыргызстандын Кубогунун ээси болуп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8181