Класста окуучуну урган мугалим мектептин директору болобу
RU

Класста окуучуну урган мугалим мектептин директору болобу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурун окуучуну уруп коомдо резонанс жараткан Садырбаева Жылдыз Алыйнуровна сынактан өттү. Ал №38 мектеп-гимназиясынын директору болуп калышы мүмкүн. Бирок окуучулардын ата-энелери анын бул кызматка дайындалышына нааразы.

"Ал мурда Аламүдүн районундагы Лебединовка айылындагы мектепте тарых мугалими болуп иштеген. Мындан алты ай мурун бул мугалим окуучуну уруп ызы-чуу жаралган. Кийинчерээк ал биринчи жолу мындай кылбаганы белгилүү болду", - дешти ата-энелер.

Ата-энелер Билим берүү министрлигинен экинчи жолу сынак өткөрүүнү суранышууда.

"Балким Садырбаева тесттик тапшырмаларды жакшы аткаргандыр. Экинчи сынак өткөрүлсүн. Уруп-сабаган эмес директорлукка татыктуу, талапкер келет", - дешти ата-энелер.

Kaktus.media сайтына мэриядан Садырбаеваны дайындоо боюнча буйрукка кол коюла электигин, маселе көзөмөлгө алынганын билдиришти.

Билим берүү министрлиги бул окуя боюнча комментарий бере элек. Ал эми Садырбаеванын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Эске салсак, 21-январда тарых мугалими Жылдыз Садырбаева менен 8-класстын окуучусунун ортосунда чыр чыккан. Мугалим балага жаман сөздөрдү айтып, кол көтөргөн. Окуя тартылган видео социалдык тармактарга тарап, андан кийин мугалим жумуштан кеткен.

Бирок бул окуя карама-каршы ойлорду жараткан. Аны коргоп депутат Тазабек Икрамов сөз сүйлөгөн.

"Ушундай абалды көзөмөлгө алууну суранам. Окуучулар 30 жылдык стажы бар мугалимди кемсинтип сүйлөшөт. Аларга кошулуп ата-энеси да жаман сүйлөйт. Мугалимди сыйлабаган коом эч качан өнүкпөйт", - деген оюн айткан.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин, мугалим өз ордуна кайтып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8187