Күйөөсүнөн коргоном деп аны өлтүрүп алган аялды сот кое берди
RU

Күйөөсүнөн коргоном деп аны өлтүрүп алган аялды сот кое берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аял күйөөсүнөн коргонуп жатып өлтүрүп алган. Сот аны үч жылга эркинен ажыратты. Андан кийин мунапысты колдонуп кое берди. Мындай токтом Жогорку соттун сайтына жарыяланган.

Адамдардын аттары өзгөртүлгөн.

Ошол күнү 47 жаштагы Айгүл тамак жасап жаткан. Жумуштан кайтып келген күйөөсү колуңду жуубай тамак жасап жатасың, деп асылып, ортодо уруш чыгат. Күйөөсү бычакты алып аялды коркутат. Аял анын колундагы бычакты тартып алып, аффект абалында күйөөсүнүн көкүрөгүнө сайып салат.

Сотто Айгүл өз күнөөсүн мойнуна алды. Бычакты тартып алганы эсинде, бирок андан ары эмне болгонун билбегенин айткан. Экспертиза аял чындап эле аффект абалында болгонун тастыктаган.

Күбөлөр Айгүлдүн күйөөсү ичип, аны көп эле сабаганын айтышты. Каза болгондун бир тууган иниси да бул сөздү тастыктады. Каза болгон адам үй-бүлөсүнө тынчтык берчү эместигин билдирип, айыпталуучуга дооматы жоктугун айтты.

Ошону менен сот Айгүлду 3 жылга эркинен ажыратуу жазасын берген, бирок андан кийин мунапысты колдонуп аны кое берди.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/81