Индияда аттракцион кулап 16 адам оор жаракат алды. Видео
RU

Индияда аттракцион кулап 16 адам оор жаракат алды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Индияда адамдар отурган аттракцион 15 метр бийиктиктен кулап түштү. Dainik Jagran кабарлагандай, бир нече ондогон адамдар жарадар болгон. Окуя болгон жерден видеону күбөлөр бөлүштү.

Каргашалуу окуя Мохали шаарындагы оюн-зоок паркында болгон. Аттракцион адаттагыдай жерден бир канча аралыкта өйдө токтобой, жерге катуу ылдамдыкта түшүп кеткен.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кеминде 50дөй киши жаракат алганын кабарлашты. 16 адам оор жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Сезимтал болсоңүз видеону көрбөңүз
Жабуу
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8215