Депутаттар рассмий тилдеги баяндаманы угуудан баш тартты
RU

Депутаттар рассмий тилдеги баяндаманы угуудан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында баяндамачы расмий тилде сүйлөөнү суранган. Бирок, депутаттар аткаминердин баяндамасын орус тилинде угуудан баш тартты.

Эл өкүлдөрү Алишер Козуев менен Жалалидин Нурбаев мыйзам долбоору айыл чарба багытында болгондуктан кыргыз тилинде баяндама жасашын талап кылышты. Ал эми комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев буга чейин жыйынды кыргыз тилинде өткөрүү чечими кабыл алынганын эске салды.

"Бул маселени күн тартибинен алабыз, кийинки жыйынга даярданып келиңиздер. Баяндамаларды мамлекеттик тилде гана карайбыз деп чечим кабыл алганбыз. Туура түшүнүңүздөр, биз кыргыз тилин өнүктүрүшүбүз керек", - деди Кенжебаев.

Айрымдары бүгүнкү баяндаманы расмий тилде угуп, кийинкисине эскертүү берели деген оюн айтты. Козуев жыйынды 80-90 пайыз кыргыз тилдүү жарандар көрүп жатканын айтып, көпчүлүккө баш ийүүгө чакырды.

Ошентип бул маселе күн тартибинен алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8218