Жапаровдун кортежине кошулган жаңы унаалар кайдан келди? Президенттин катчысы жооп берди
RU

Жапаровдун кортежине кошулган жаңы унаалар кайдан келди? Президенттин катчысы жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун кортежин коштоп жүрүүчү эки жаңы унаа кошулуп калганы тууралуу видео тараган. Бул маалыматка мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев комментарий берди.

"Ал унааларды чет элдик өнөктөштөр гранттык негизде беришкен. Мамлекеттик казынадан эч бир каражат кеткен жок", - деп жазды маалымат катчы.

Бирок андан башка толугураак маалымат берген эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8233