Депутат: 4 мектептин курулушу 7 жылдан бери жарым жартылай бүтпөй турат
RU

Депутат: 4 мектептин курулушу 7 жылдан бери жарым жартылай бүтпөй турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Суу районунда 4 мектептин курулушу 7 жылдан бери бүтпөй турат. Бул тууралуу бүгүн 8-сентябрда депутат Алишер Козуев Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

"Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө жети жыл мурун курула баштаган мектептер дагы деле бүтө элк. Быйыл 5 млн сом бөлүндү эле кайра дагы жетпей калып, ошол боюнча бүтпөй калды. Ошондой эле Жаңы-Арык, Сары-Колот айыл өкмөтүндө да бирден мектеп, жалпы төрт мектептин курулушу токтоп турат. Ушуларды көзөмөлгө алып койсоңуздар", - деди Козуев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8268