Айдоочунун алтын шакегин талап кылган инспектор убактылуу кармоочу жайга киргизилди
RU

Айдоочунун алтын шакегин талап кылган инспектор убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Бишкекте патрулдук милиция кызматкери опузалап талап кылганга шектелип кармалган. Башкы прокуратурадан шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдайт.

Маалыматка ылайык, ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматына Г.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал жол эрежесин бузгандыгы үчүн инспектор жоопкерчиликке тартпоо сунушу менен андан зер буюм, тактап айтканда, баасы 30 миң сомдук алтын шакегин пара түрүндө талап кылганын айткан.

Кызматтык абалынан пайдаланып, жүктөлгөн ыйгарым укуктарды колдонгон патрулдук милиция А.Б.Т. пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Инспектордун башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталып жатканы айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8274