Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом берилди
RU

Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-сентябрда Бишкек шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Нурзада Сатымкулова 27-июль күнү перинаталдык борбордо үч эм төрөрөгөн. Мэр Эмилбек Абдыкадыров бул үй-бүлөдөн кабар алып, 90 миң сомдук материалдык жардам тапшырды.

Биринчи баланын салмагы 1995 гр, бою 45 см, экинчиси кыз 1990 гр, бою 45 см, үчүнчү эркек баланын салмагы 1885 гр, бою 44 см. Балдардын аттары Айданек, Шыгай, Абай.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8276