Жогорку Кеңештин жаңы аппарат жетекчиси дайындалды. Кыскача өмүр баян
RU

Жогорку Кеңештин жаңы аппарат жетекчиси дайындалды. Кыскача өмүр баян

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бакытбек Мажитов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 9-сентябрда Талант Мамытов кол койгонун парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыскача өмүр баяны:

Мажитов Бакытбек Өмүрзакович 1976-жылы 20-декабрда туулган. Жогорку юридикалык жана экономикалык билими бар, юридикалык илимдердин кандидаты.

  • 1998-2003-жылдары - Кыргызстан Эл аралык университетинин окутуучусу;
  • 1999-2010-жылдары - Жалал-Абад областтык шайлоо комиссиясын шайлоо боюнча юрист-эксперт;
  • 2010-2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты;
  • 1999-2015-жылдары - адвокат;
  • 2015 - 2020-жылдары - Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун төрагасы, судьясы;
  • 2020-жылдын ноябрь айынан бери - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси;
  • 2016-жылдын сентябрынан 2022-жылдын сентябрына чейин - К. Ш. Токтомаматова атындагы Эл аралык университеттин жарандык укук жана процесс кафедрасынын профессору (сырттан).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8294