1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Канчага
RU

1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Канчага

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда пенсиянын өлчөмү жогорулайт. Бул тууралуу өлкө президенти Facebook баракчасында билдирген.

"Менин тапшырмам боюнча министрлер кабинети 1-октябрдан тарта пенсияны көтөрөт. Бүгүнкү күндө республика боюнча 735 миңге жакын пенсионер бар. Аларга пенсия төлөөгө жыл сайын 70 миллиард сом каралат. Эми жыл сайын республикалык бюджеттен 90 миллиард бөлөбүз", - деп жазган Садыр Жапаров.

Анын айтымында, буга чейин пенсияны 200-300 сомдой гана көтөрүп келишкен. Бул жолу орточо эсеп менен 1700 сомдон 3400 сомго чейин көтөрүүнү чечти.

Буга чейин Социалдык фонд 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгүн дээрлик эки эсеге көтөрүү ниети тууралуу билдирген болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8301