Кылмышты мойнуна алдыруу үчүн. Таласта милиция кызматкерлери айдоочуну кыйнаганы айтылды
RU

Кылмышты мойнуна алдыруу үчүн. Таласта милиция кызматкерлери айдоочуну кыйнаганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта жергиликтүү тургун милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын айтып чыкты. Бул маалыматтын негизинде Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун аймактагы кызматкерлери текшерүү жүргүздү.

Маалыматка караганда, Манас районунун тургуну президентке кайрылуу жасаган. Анда 8-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында Талас ОИИБдин 4-5 кызматкери аны жол кырсыгын жасаган деп, кылмышты мойнуна алдыруу талабы менен ур-токмокко алгандыгын белгилеп, арыз менен кыйноолордун алдын алуу борборуна кайрылган.

Арыздануучунун курсагында кесилген издер, колдорунда сыйрылган жана көк ала тактар болгон. Ошондой эле аны кармоо учурунда 1700 сом акчасы жана уюлдук телефону жоголгонун кошумчалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8314