Ташиевдин кызматтык унаасы бир адамды сүзгөнү айтылды. Кайгуул кызматынын билдирүүсү
RU

Ташиевдин кызматтык унаасы бир адамды сүзгөнү айтылды. Кайгуул кызматынын билдирүүсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык унаасы скутер менен бара жаткан адамды сүзүп кеткени айтылып, сүрөт жана видео тарады. Анда окуянын күбөсү жол тандабас аэропорттун жолунда каршы тилкеге чыгып, скутердеги кишини сүзүп кеткенин жазат.

Жол кырсыгы боюнча Кайгуул кызматынан буларды билдиришти.

"Кырсык тууралуу нөөмөт бөлүмүнө эч кандай чакыруу түшкөн эмес. Бирок социалдык тармактарга маалымат чыгаар замат кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерге барып, жеринде эч ким жок болгон. Эки тарап өздөрү чечишип алышы мүмкүн", - дешти маалымат кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8387