Энелерге таазим кылам! Садыр Жапаров Баткенде каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты
RU

Энелерге таазим кылам! Садыр Жапаров Баткенде каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда улуттук Аза күтүү күнүнө карата кайрылуу жасады. Өлкө башчы көңүл айтып жатып мукактанып, оор үшкүрүк тартып, көзүнө жаш алды.

"Ата Журттун башына кыйынчылык келсе бир муштумдай бириккен бийик эл экенибизди ар дайым далилдеп келе жатабыз. Ынтымак менен биримдиктин күчү кандай болорун ааламга сездире алдык. Мекен чегин коргоо ары жоопту, ары сыймыктуу милдет. Эр жигиттерибиз эл, жеринин чегин коргоп жатып каны төгүлгөнүнө ар бирибиздин жүрөгүбүз сыздап турат. Курман болгон жоокерлерибизди жарык дүйнөгө алып келип, Кыргыз жерин жанындай сүйүп, ага өмүрүн берүүгө даяр кылып тарбиялап өстүргөн энелерге айтарым, сиздер чыныгы баатыр уулдарды төрөгөн экенсиздер, сиздерге башымды ийип таазим кылам. Алардын ар биринин эрдиги Кыргызстан элинин эсинде түбөлүккө сакталат. Мекен чегин коргоп, курман болгон ар бир жоокердин ата-энелери менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кайрат кылыңыздар!", - деди ал.

Президент ушундай азамат уулдар турганда мекен чегин эч ким буза албайт дейт. Ал каза болгондордун артында калган үй-бүлөсүнүн, балдарынын келечегин мамлекет моюнга аларын белгиледи.

"Мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, жай турмушту калыбына келтирүүнүн камын көрүшүүдө. Кудайга шүгүр, казынабыз да куру эмес. Жоокерлерибизди жана кырдаалга байланыштуу, жер которгон элибиздин муктаждыктарын толук камсыз кылууга мамлекетибиздин күчү жетет. Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга да мамлекетибизде каражат бар. Арадан аз убакыт өтсө да белибиз бекемделип калды. Буга ички да, тышкы да душмандарыбыздын тынчы кетүүдө".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8497