Бишкекте аялга кол көтөрүп, денесине залал келтирген киши кармалды
RU

Бишкекте аялга кол көтөрүп, денесине залал келтирген киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте аял кишиге кол көтөргөн жаран колго түшүрүлдү. Ленин РИИБдин маалыматына караганда, шектүү аялга соода борборунун жанынан кол көтөргөн дешет.

Маалым болгондой, 21-сентябрда милициянын нөөмөт бөлүмүнө белгисиз киши аялга кол көтөрдү деген билдирүү келип түшкөн. Билдирүү каттоого алынып, алдын ала териштирүү иштери башталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Фучик көчөсүндөгү соода борборунун жанынан М. аттуу киши коомдук тартипти бузуп, ыплас сөздөр менен Х.Н. аттуу аялды сөгүп, кол көтөрүп, денесине залал келтирген. Бул факты боюнча 280-беренесинин 2-бөлүгү (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1972-жылы туулган М.Г. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8550