Депутат чек арадагы кырдаал боюнча жыйынга автомат менен келди. Сүрөт
RU

Депутат чек арадагы кырдаал боюнча жыйынга автомат менен келди. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу басып кириши талкууланып жаткан жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу муляж автоматын алып келди.

Белгилей кетсек, жыйын жабык эшик артында өтүп жатат. Депутаттар журналисттердин суроолоруна жооп бербей тыныгууга тарап кетишти. Бирок алар талкуу түшкү тамактан кийин уланарын айтышкан.

Коргонбай уулу автоматка окшош буюм менен жолугушуу бөлмөсүнөн чыгып баратып, ал уулуна сатып алган муляж экенин белгиледи.

Мындан тышкары, жыйындар залынын кире беришине металл аныктагыч орнотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8559