Элмурза Сатыбалдиев вице-мэрге: Сыйлагың келбесе сыйлатып алам (видео)
RU

Элмурза Сатыбалдиев вице-мэрге: Сыйлагың келбесе сыйлатып алам (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Элмурза Сатыбалдиев жол жана тротуар куруу боюнча көптөгөн долбоорлордо эмне үчүн жашыл аймак каралбай жатканын сурады.

Эл өкүлүнүн суроосуна вице-мэр Нурдан Орунтаев жооп берип, жол, тротуар куруу кытай грантынын эсебинен каржыланган жана жактырылган долбоор экенин белгиледи.

"Долбоорду өзгөртүү үчүн кайрадан кытайларга кайрылышыбыз керек. Ал эми курулуш учурунда биз үйлөрдү бузбай, муниципалдык жерди караган тосмолорду гана бузабыз", - деди.

Элмурза Сатыбалдиев вице-мэрдин сөзүн токтотуп, жалпы маалымат эмес суроого жооп берүүнү суранды.

"Сиздин сурооңузга жооп катары маалымат берем, бирок жооп бергенге уруксат бербей жатасыз", - деди Орунтаев ачууланып.

"Иним, мен сага эскертем, сен антип күпүлдөбө! Башка жерден күпүлдө, бул жер Жогорку Кеңеш. Өзүңдү сыйлабасаң да бизди сыйла. Сыйлагың келбесе сыйлатып алам. Булар (депутаттар) сыйлатпаса мен өзүм сыйлатып алам, сөзсүз", - деди Сатыбалдиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8624