Баткендин 11 миңден ашуун тургуну үйлөрүнө кайта элек
RU

Баткендин 11 миңден ашуун тургуну үйлөрүнө кайта элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде кагылыштан кийин эвакуациялангандардын ичинен 11 миңден ашуун адам үйлөрүнө кайта элек. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү күндө 125 миң 20 адам Баткен облусуна кайтты.

Жергиликтүү бийлик тарабынан үйлөрү жараксыз болгон жарандарга жалпы облус боюнча 8 мекемеде 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган.

Кырдаалдын кесепетинен 640 турак үй жабыркаган анын ичинен 423ү жашоого жараксыз болгон. 217си ондоп түзөөгө муктаж. Учурда облус боюнча 134 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 118 турак үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 16 үй бузулду.

Баткен облусуна жалпы 1614 тонна гуманитардык жардам жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8679