Жалал-Абад аэропортундагы тейлөө сапаты жакшыртылат. Кызматкерлерди көбөйтүү тапшырылды
RU

Жалал-Абад аэропортундагы тейлөө сапаты жакшыртылат. Кызматкерлерди көбөйтүү тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ички авиакаттамдардын баасын төмөндөтүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

  • Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы авиакомпаниялардын өкүлдөрү, агенттиктер (авиакассалардын өкүлдөрү) менен авиабилеттерге болгон баанын авиакомпаниялардын белгиленген пайыздык ставкаларынан жогору көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иш алып баруу;
  • Авиабилеттердин баасы негизсиз жогорулатылган учурда жооптуу түзүмдөргө керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында мыйзам чегинде чара көрүү;
  • Тиешелүү ведомстволорго бааларды турукташтыруу, ички жана эл аралык авиакаттамдарга баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча тиешелүү механизмдерди иштеп чыгуу;
  • Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине авиакомпаниялар менен биргеликте Баткен жана Раззаков шаарларына каттамдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
  • "Манас" аэропортуна тейлөө сапатын жогорулатуу максатында Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун кызматкерлеринин штаттык санын көбөйтүү тапшырылды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8773