Баткенде 6 миңден ашуун тургун үйлөрүнө кайта элек
RU

Баткенде 6 миңден ашуун тургун үйлөрүнө кайта элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенден эвакуацияланган жарандардын ичинен дагы 6 миңден ашууну үйлөрүнө кайтып бара элек. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, куралдуу кагылышта жалпы 136 770 жаран эвакуацияланган, бүгүнкү күндө 130 650 жаран туруктуу жашоочу жайларына кайтышты.

Убактылуу кабыл алуу жайларына 1145 жаран, ал эми тургундардын үйлөрүндө 4975 жаран жайгашкан.

Облус боюнча 372 турак үй бузулуп, тазаланды. Баткен облусуна жалпы 1636 тонна гумжардам жеткирилген. Кампада 180 тонна гуманитардык жардам турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8782