Азербайжандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келет
RU

Азербайжандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 11-октябрда Бишкекке иш сапар менен келет. Маалыматты президенттик аппараттан кабарлашты.

Ал 11-12-октябрда Бишкекте болот. Анын сапарынын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын жүрүшүндө мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү да пландалууда. Мындан тышкары алдыдагы мамлекеттик сапардын алкагында "Кыргызстан-Азербайжан достугу" сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Буга чейин апрель айында президент Садыр Жапаров Баку шаарына расмий иш сапары менен барган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8785