Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн канча россиялык кайрылды. Рассмий жооп
RU

Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн канча россиялык кайрылды. Рассмий жооп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын январь айынын башынан сентябрга чейин Кыргызстанга 192 258 орус жараны келген. Ал эми 1631 россиялык Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйынында КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков билдирди.

Анын айтымында, азыр чет элдик жарандардын келүүсү көбөйүүдө. Өткөн жылы ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөр бир топ төмөн болгон. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн Россия Федерациясынын 385 жараны документтерин тапшырган.

"Алардын ичинен 226 адам жарандык алган. Быйыл 603 адам жарандык алды", - деди ал.

Жыл башынан бери МКБ чет өлкөлүк жарандарга 22 521 жеке идентификациялык номерлерди берген.

Россиялык жарандардын көбөйүшү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда байкалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8817