Бишкекте зордуктоого шектелген жигит сурактан кийин бошотулган. Милиция түшүндүрмө берди
RU

Бишкекте зордуктоого шектелген жигит сурактан кийин бошотулган. Милиция түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте зордуктоого шектелген 19 жаштагы жигитти милиция кызматкерлери бошотуп жиберген. Мындай билдирүүнү социалдык тармактын guzya.3131 аттуу колдонуучусу жазып чыкты.

Айтымында, 20-октябрда курбу кызын 19 жаштагы А.Ш. аттуу жаран зордуктаган. Ошол эле күнү милицияга арыз жазылган.

"Бул ишти жабууга аракет кылып жатышат. Олуттуу берене менен шектүүнүн жашоосун талкалаганы жатасың дешип курбума психологиялык басым жасап жатышат. Жакынымдын кызы бар. Алар "кыздык аруусу жок" экенине таянып: "Акча берели, бул ишти унут. Бир жолкудан эч нерсе болбойт, сен жогото турган эч нерсе жок" деп жатышат. Шектүүнү ошол эле күнү үйүнө чыгарышкан. Бирок ал кылганын моюнга алган. Курбум арыз жазган! Экспертиза шектүүнүн уруктугу бар экенин көрсөттү. Ушул нерселер жетиштүү болчу аны камаганга. Бирок шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери бул ишти жабуу үчүн шектүүдөн 300 миң сом талап кылышкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Ленин РИИБдин маалымат кызматынан аталган окуя боюнча буларды билдирди.

"20-октябрда О.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала таанышы ошол эле күнү саат 10:00дө физикалык күч колдонуу менен жыныстык катнашка барганын айткан. Бул факты каттоого алынып, 19 жаштагы жигит күбө катары сурак берген. Жабырлануучуга тиешелүү экспертиза дайындалган. Учурда сотко чеийинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дешет мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9073