Түштүк Кореяда Хеллоуин майрамында 151 адам каза болду
RU

Түштүк Кореяда Хеллоуин майрамында 151 адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түштүк Кореяда Хеллоуин майрамында 151 адам тебелендиде калып каза тапса, дагы 100гө чукул адам жаракат алды. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, адамдардын жоон тобу тар көчөгө өткөндө тыгын жаралган.

Белгилүү болгондой, 30-октябрга караган түнү Сеулдун Итэвон районунда Хеллоуин майрамы белгиленип жаткан. Анда адамдардын массалык тыгыны жаралып, кайгылуу окуяга алып келген.

Каза болгондордун көбү өспүрүмдөр жана 20 жаштын тегерегиндегилер. Арасында чет элдик жарандар бар экени айтылат.

Бул окуядан улам Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл улуттук аза күтүү күнүн жарыялады.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги каза болгондордун арасында кыргыз жарандары бар, жогун тактап жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тарабынан маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9075