"Парламент" радиосу спикердин тапшырмасы менен кайрадан обого чыкты
RU

"Парламент" радиосу спикердин тапшырмасы менен кайрадан обого чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин тапшырмасы менен "Парламент" радиосу кайрадан уктурула баштайт. Маалыматты бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 18-октябрда спикер Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдырган "Парламент" радиосун 1-ноябрдан тартып кайрадан обого алып чыгуу тапшырмасын берген.

"Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн коомчулукка так жана туура жеткирүү учур талабы экенин белгилеген. Аппараттын коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүн күчтөндүрүп, "Парламент" радиосунун ишин кайрадан жандантышыбыз керек. Маалыматтар бурмаланбай, өз убагында элге так жана даана жетип турса, парламенттин ишмердигине ачык жана туура баа берилишине өбөлгө түзүлөт", – деген Шакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9105