Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары аяктады
RU

Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапары аяктады. Өлкө башчы 1-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келгенин президенттик администрациядан кабарлашты.

Иш сапарынын алкагында:

  • Садыр Жапаров БАЭ президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы өнүгүп жаткан кызматташуу келечегин, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган тармактардын маселелерин талкуулашты.
  • Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Анын ичинде 1 миллиард 200 миллион доллар суммасына чейинки ири коммерциялык өнүгүү долбоорлорун ишке ашырууну көздөгөн, уставдык фонду 100 миллион доллар болгон биргелешкен холдингдик компания түзүлдү.
  • Ошондой эле иш сапардын алкагында мамлекет башчысы "Wahat Al Karama" мемориалдык комплексине барып, мекени үчүн курман болгон БАЭ баатырларынын элесине таазим кылып гүлчамбар койду.
  • Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти шейх Заед бин Султан Аль Нахаяндын күмбөзүнө, ошондой эле шейх Заеддин ысымы ыйгарылган мечитке барды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9113