"Айыл эли байып калышты". Депутат малга салык салууну сунуштады. Видео
RU

"Айыл эли байып калышты". Депутат малга салык салууну сунуштады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев малга салык киргизүүнү сунуштады. Айтымында, учурда айыл элинин жашоосу жакшырып, шаардыктардан кем эмес жашап калган.

"Калктын 70 пайыздан ашыгы айыл жергесинде жашап, чарбачылык менен алектенет. Элибиз байыды, Кудайга шүгүр, 3-4 унаалары бар. Жашоо-шартын көрсөңүздөр, шаардагыдан кем эмес жашап калышты. Мен өзүм айылда чоңойгом, айылдагылар менен көп сүйлөшөм. Айтайын дегеним, малга салык киргизели. Азыр орточо эсеп менен бир жылкынын баасы 70-100 миң сом, ири мүйүздүү малдын баасы 60-80 миң сомго чейин, ал эми койдун баасы 12-18 миң сомго чейин", - дейт ал.

Депутат жылына бир кой үчүн 100 сом, ири мүйүздүү мал үчүн 200 сом жана жылкыга 250 сомдон салык салууну сунуштады. Айтымында, муну менен бир жылда айыл өкмөттүн бюджетине 1,5 миллиард сом каражат түшөт деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9137