Дастан Бекешев "чет элдик тыңчы" деп аталган мыйзам долбооруна нааразычылыгын айтты
RU

Дастан Бекешев "чет элдик тыңчы" деп аталган мыйзам долбооруна нааразычылыгын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев министрлер кабинетинин жаңы мыйзам долбооруна нааразы болду. Мыйзам долбооруна ылайык, ар бир жаран УКМКнын маалымат берүүчү адамы болушу керек экен деп эсептейт эл өкүлү.

Депутаттын айтымында, мыйзам долбооруна бизнес-чөйрөсү дагы нааразы болууда.

"Министрлер кабинети улуттук коопсуздук органдары менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында УКМКга маалымат берүүгө милдеттүү субъекттердин тизмеси жөнүндө токтомдун долбоорун талкууга койду. Ал жакка баары кирген: мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бардык юридикалык жана жеке жактар. Нааразычылыктар болууда, эч ким маалымат берүүчү адам болгусу келген жок. Бул айрыкча банк секторуна тиешелүү. Биз мындай демилгелер менен экономикабызбы талкалап алышыбыз мүмкүн. Эч ким бирөөгө "коңгуроо каккысы" келбейт", - деди Бекешев.

Ошондой эле депутат "чет элдик тыңчы" деп аталган мыйзам долбооруна нааразычылыгын билдирди. "Бул мыйзам долбоору РФда көчүрүлгөн. Демилгечилерге Россияда жашап келүүнү сунуштайм", - деди эл өкүлү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9139