1-январдан тарта тамеки канча сом болору белгилүү болду
RU

1-январдан тарта тамеки канча сом болору белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында бир катар тамеки жана электрондук тамекилердин минималдуу чекене баалар бекитилди. Мындай чечим калктын саламаттыгын чыңдоо жана никотинди камтыган тамеки заттарын колдонууну азайтуу максатында кабыл алынды.

2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкү чекене баалар белгиленет:

  • Чыпкасы (фильтр) бар тамекилер жана чыпкасы жок тамекилер - 100 сом өлчөмүндө;
  • Цилиндр жылытылган тамекилери бар буюмдар - 100 сом өлчөмүндө;
  • Бир жолу колдонулуучу электрондук системалар - бирдигине 250 сом өлчөмүндө. 2024-жылдын 1-январынан баштап - 300 сом;
  • Электрондук тамекилер - бирдигине 1300 сом өлчөмүндө. 2024-жылдын 1-январынан баштап - бирдиги үчүн 1400 сом.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9162