Камакка алынган Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин жыйынына келди
RU

Камакка алынган Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин жыйынына келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилей кетсек, ал 2020-жылдын 15-январында коррупция жана Оштогу тери иштетүүчү заводду рейдерлик жолу менен басып алды деген шек менен УКМК тарабынан камакка алынган. Андан кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкуловду УКМКнын СИЗОсуна эки айга отургузган.

Мындан мурун, 3-мартта Төрөкулов камакта отуруп, Конституция боюнча референдумдун дайындалуусуна добушун бергени белгилүү болгон.

Бүгүн ал пленардык жыйынга келип, кесиптештери менен учурашып, залда ары-бери басып жүрдү.

Эске салсак, Төрөкулов 2017-жылдын январында "Бир Бол" фракциясынан депутат болгон. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого ушул эле партиянын атынан катышкан. 2020-жылы октябрь окуялары учурунда бийлик алмашып, Төрөкулов өзүн-өзү Оштун мэри деп дайындаган. Ал мэрдин кабинетине отуруп алып ММКларга интервью берген. Эртеси күнү Оштун мэри Таалайбек Сарыбагышев өзүнүн иш ордуна кайтып келген. Төрөкулов өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалат деген божомолдоолор айтылган.

Белгилүү бир чөйрөлөрдө Дүйшөн Төрөкулов "Душка" аты менен таанымал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/922