Жапаров Төрт-Көчө тилкесине статус-кво макамы берилерин айтты
RU

Жапаров Төрт-Көчө тилкесине статус-кво макамы берилерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо маселеси каралып жаткан жыйында, президент Садыр Жапаров бийлик коңшуларга мыйзамсыз берилген жерлерди кайтарып жатканын билдирди.

"Сиз кол коюп жиберген (Адахан Мадумаровго) протокол боюнча, Төрт-Көчө боюнча, "мыйзамсыз", "туалетке барып коюш керек" деп айтып атасыз. Бирок тигил тарап барбайт экен. "Мына" деп эле көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөттү. Өткөндө Астанадан да үч тараптуу жолугушууда да "мына минтип кол коюп берип эле аткарбайт" деп көрсөтүштү. Андан бери Камчыбек Кыдыршаевич эки жолу сүйлөшүп келди. Кечээ жакында биз аны кайра кайтарып, нейтралдуу, статус-кво бердиртип жатабыз. Сеники да, меники да эмес болсун деп ушуга макул кылдык. Эгерде мындан кийин дагы айнып кетпесе эле", - деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, Төрт-Көчө аймагы Баткен облусунун Баткен районунда Тажикстанга жакын жайгашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9309