Садыр Жапаров: Аял болгонуң үчүн эле каалаганыңды кыла албайсың
RU

Садыр Жапаров: Аял болгонуң үчүн эле каалаганыңды кыла албайсың

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 17-ноябрда парламентте депутат Аида Исатбек кызы аялдарга карата мамиле боюнча маселе көтөрдү.

"Акыркы күндөрү аялдарга өтө орой мамиле жасалды. Сизден аларга этияттык менен мамиле жасоону талап кылууну суранам. Мен оппозиция, туура эмес маалымат берген журналисттер бар экенин жакшы түшүнөм, ошентсе дагы алар аялдар. Тээ эзелтен бери ушундай болуп келген. Мени уктуңуз деп ишенем",-деди депутат.

"Мыйзам баарына бирдей. Аял-эркек деп бөлүнбөйт. Аялдар да өз жоопкерчилигин сезиши керек. Аял болгон үчүн эле каалаганыңды кыла албайсың. Баары мыйзам чегинде болушу керек", - деп жооп берди президент.

Эске салсак, буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 20дан ашуун активист массалык баш аламандыкка даярданган деп айыпталып, бир нече айга камакка алынган. Кармалгандардын арасында алты аял, анын ичинде 63 жаштагы Гүлнара Журабаева жана 71 жаштагы Асия Сасыкбаева бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9319