Жапаров кыргыз-тажик чек арасы жаңы жылга чейин такталарын айтты
RU

Жапаров кыргыз-тажик чек арасы жаңы жылга чейин такталарын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Тажикстан менен чек ара маселесин 2023-жылга чейин чечүүнү көздөйт. Бул тууралуу 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда президент Садыр Жапаров билдирди.

"Эми кудай буюрса, Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди бүтүрөбүз. Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп алып келебиз деп жатабыз. Биз кошуна төрт өлкө менен тең тынчтыкта ​​жана достукта жашашыбыз керек. Мына бүгүн айтылып өттү, 199 миң чарчы чакырым болсо, эми 210 миңден ашыгыраак чарчы чакырым болуп биздин картабыз чоңоюп жатат. Тажикстан менен да бүтүрөбүз".

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын анын 375 чакырымдайы макулдашылбаган бойдон калууда. Ага байланыштуу чыр-чатактар ​​көп жылдардан бери уланып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9320