Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталган адам 14 жылга соттолду
RU

Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталган адам 14 жылга соттолду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн,18-ноябрда Аламүдүн райондук сотунда президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, саясат таануучу Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум уланды.

Соттолуучу Санжар Сапарбеков акыркы сөзүндө күнөөлүү экенин тастыктаган далилдер жоктугун, эч ким ага каршы көрсөтмө бербегенин белгиледи.

Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген судья Бекболот Жаналиев Сапарбековду күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыратты.

Эске салсак, Медет Садыркулов, саясат таануучу Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылдын 13-мартында өлтүрүлгөн. Алардын жансыз денелери күйүп кеткен Лексус 570 үлгүсүндөгү жол тандабастын ичинен Кой-Таш айылынан табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9327