Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановдун жаназасы окулду
RU

Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановдун жаназасы окулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөнүн туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановдун жаназасы бүгүн, 23-ноябрда саат 14:00дө Бишкек шаарындагы "7 апрель шейиттери" мечитинде болду. Бул туурасында Муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашат.

  • Муфтий Кимсанбай Абдурахманов 1940-жылы төрөлгөн.
  • Орто мектепти аяктагандан кийин Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесинде окуган.
  • 1990-жылы сентябрда Бишкек шаарында Кыргызстандагы туңгуч ислам медресесин ачкан. Бул медресени 1993-жылы Ислам Инситутуна айланткан. Анын демилгеси менен Кыргызстандын облустарында да Ислам медреселери ачылып, иштей баштаган.
  • 1991-жылы Кимсанбай ажы баш болгон биринчи жолу 450 киши Кыргызстандан Сауд Араб Эмираттарына ажылыкка барышкан.
  • Муфтий Эмираттардагы белгилүү шейхтердин бири менен сүйлөшүп, Бишкек шаарында жаңы стилдеги борбордук мечитти куруп берүүгө жардам сурап, ал курган борбордук мечит 1995-жылдын октябрь айында бүткөрүлгөн.
  • 1996-жылы Кимсанбай ажы Кыргызстан мусулмандарынын Диний Башкармасын жана "Азрети Умар" институтун (учурдагы Гоголь-57 дарегиндеги имарат) көчүргөн.
  • Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракеттери менен 1990-жылдан кийин Кыргызстандагы мечиттин саны үч миңден ашты.
  • 1996-жылдын декабрында Кимсанбай ажы Кыргызстандын Муфтийи кызматынанбошотулган. Ал эми 2000-жылдан 2002-жылдын сентябрына чейин Кимсанбай ажы экинчи жолу Кыргызстан Мусулмандарынын муфтийи болгон.
  • Ал Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп бир топ жыл үзүрлүү эмгектенип келди.
  • Ал 2022-жылдын 22-ноябрында дүйнө салды.

Kaktus.kg редакциясы Кимсанбай ажы Абдурахмановдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9373