Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин жалгыз уулу үйлөндү
RU

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин жалгыз уулу үйлөндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин уулу Гейдар Алиев үйлөндү. Бул тууралуу өлкөнүн биринчи айымы Мехрибан Алиева 26-ноябрда Instagram баракчасында билдирди.

"Кечээ үй-бүлөбүздүн тар чөйрөсүндө уулубуз Гейдардын үлпөт тоюн өткөрдүк. Үчүнчү кыздуу болгонубузга кубанычтамын! Бардык ата-энелердей уулубузга узун жана бактылуу үй-бүлөлүк жашоо каалайбыз!"- деп жазды Мехрибан Алиева.

Гейдар Ильхам оглы Алиев 1997-жылы 3-августта туулган. Гейдар Алиев атындагы Заманбап окуу комплексин, ошондой эле Азербайжан Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9424