Санкт-Петербургда кызды өлтүрүүгө шектелип кыргызстандык кармалды
RU

Санкт-Петербургда кызды өлтүрүүгө шектелип кыргызстандык кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санкт-Петербургда кызды өлтүрүүгө шектелген кыргызстандык кармалды.

Буга чейин Санкт-Петербургда бир кыздын батирин ремонттоп берип жаткан 41 жаштагы кыргызстандык, үй ээсин мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелип жатканы белгилүү болгон. Маалым болгондой, 27 жаштагы Юлиана түн жарымында оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерүү үчүн батирине жөнөп кеткен боюнча байланышка чыкпай калган. Кыздын полиэтиленге оролгон жансыз денеси батириндеги курулуш таштандылары салынган баштыктардын арасынан табылган. Бул факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

"Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин облустук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте кылмышка шектүү делип 1981-жылы туулган жаран кармалды", - деп маалыматта айтылат.

Шектүүнүн баш коргоо чарасын тандап, ага айып коюу маселеси чечилип жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9425