Эми Бишкектеги троллейбустарда аптечкалар болот
RU

Эми Бишкектеги троллейбустарда аптечкалар болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек троллейбус башкармалыгынын айдоочуларына аптечкалар таратылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аптечкада аммиак (нашатырь спирти), зеленка, бинт, суутектин перекиси, таңуу материалдары, валерианын эритмеси, кебез, спирттүү майлыктар, гипстер, йод жана валидол бар.

Айдоочулар күн сайын медициналык кароодон өтүшөт. Алардан спирт ичимдиктерин текшерип, кан басымы өлчөнөт. Эгерде нормадан четтөө же кандайдыр бир оорунун белгилерин байкаса, сөзсүз түрдө каттамдан чыгарылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9428