Карындашын зордуктоодон сактап калган жаран дагы эле камакта
RU

Карындашын зордуктоодон сактап калган жаран дагы эле камакта

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Карындашын сактайм деп адамды атып өлтүрүп алган байкеси дагы деле СИЗОдо камакта. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына соттон билдиришти.

Маалым болгондой, 1975-жылы туулган И.Р.ны өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдары Чүй райондук сотунда каралууда. Күбөлөр суралып, 1986-жылы туулган кылмышка шектүү Д.З. СИЗОдо.

Эске салсак, ушул жылдын 1-июлунда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында бир адам октон жаракат алганы тууралуу милицияга арыз түшкөн.

Окуя болгон жерден 1975-жылы туулган И.Р.нын жансыз денеси табылып, ал октон алган жаракатынан улам каза болгон.

Ошол күнү Токмок шаарындагы аялдамадан 1989-жылы туулган Ж.А., И.Р. айдап бара жаткан унаага түшкөн. Айдоочу жолдон кызга ыдык көрсөтө баштаганы аныкталган.

"Ал унаадан түшүп, байкесине телефон чалып, болгон окуяны кабарлаганга үлгүргөн. Андан кийин кыз башка унаага отурган. Бирок, кийинчерээк И.Р. ал унааны кууп жетип, кыздын чачынан тартып түшүрүүгө аракет кыла баштаган. Ошол маалда жетип келген кыздын бир тууган байкеси эмне болуп жатканын көрүп, кол салган адамды газ-травматикалык тапанчадан атып салган", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9429