SuperTVнын кабарчысын сабаганга шектүүлөрдүн экинчиси кармалды
RU

SuperTVнын кабарчысын сабаганга шектүүлөрдүн экинчиси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

SuperTV каналынын кабарчысы Бактурсун Жоробековду сабаганга шектүүлөрдүн экинчиси кармалды. Бул туурасында Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, шектүү 2000-жылы туулган А.А. кармалган. Ага карата 18-декабрга чейин Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Эске салсак, 26-октябрда белгисиз адамдар Бактурсун Жоробековду сабап кетишкен. Андан тышкары физикалык күч колдонуу менен уюлдук телефонун жана 3 миң 500 сом өлчөмүндөгү акчасы бар капчыгын тартып алышып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты 206-берене (Каракчылык) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Ал эми Жоробеков ооруканага жатып, дарыланып чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9437