Электр тармактар ишканалары кышка даяр деген паспорт алышты
RU

Электр тармактар ишканалары кышка даяр деген паспорт алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин тапшырмасы менен "Кыргыз улуттук электр тармагы" ишканасынын бардык филиалдары 2022-2023-жылы кышка даяр экенин тастыктаган паспортун алышты. Аталган минитсрликтен билдиришкендей, паспорттор электр тармактарынын ишенимдүү жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык шарттардын аткарылгандыгын тастыктаган документ.

Аталган паспортту алуу үчүн региондогу электр тармактар ишканалары тарабынан бир

  • топ жумуштар аткарылды:
  • пландык, капиталдык оңдоолор;
  • көмөк чордондорду жана электр берүүчү чубалгыларды модернизациялоо;
  • электр жабдууларын суу ташкындарынан коргоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү; имараттар жана унаалар оңдоодон өткөрүлдү;
  • кызматкерлер атайын кийимдер жана керектөөчү материалдар менен камсыз болушту.

Электр тармактар ишканаларынын кышка даярдыгын текшерүү комиссия тарабынан жеринде жүргүзүлдү. Комиссиянын курамында Энергетика министрлигинин, Улуттук энергохолдингдин, Энергетикалык көзөмөл кызматынын жана "Кыргыз улуттук электр тармагы" ишканасынын өкүлдөрү бар.

"Кыргыз улуттук электр тармагы" ишканасынын 8 филиалы бар:

• Ысык-Көл электр тармактары ишканасы;

• Нарын электр тармактары ишканасы;

• Ош электр тармактары ишканасы;

• Талас электр тармактары ишканасы;

• Баткен электр тармактары ишканасы;

• Чүй электр тармактары ишканасы;

• Бишкек электр тармактар ишканасы;

• Жалал-Абад электр тармактары ишканасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9513