Баткенде өткөрмө пункттун кызматкерлерине 100 миң сомдон ашык айып салынды
RU

Баткенде өткөрмө пункттун кызматкерлерине 100 миң сомдон ашык айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 30 тонна минералдык жер семирткичтерди контрабандалык жол менен ташууга аракет кылуу фактысы аныкталды. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жүк коңшу өлкөгө жеткирилмек.

Контрабандага каршы күрөшүү боюнча иш-чараларынын жүрүшүндө И.Акыбаевдин башкаруусунда Volvo FH жүк ташуучу унаа токтотулган. Ал 30 тонна (карбамид) минералдык жер семирткичти коңшу тарапка алып өтүүгө аракет кылган.

Айдоочунун айтымында, ал жүктү Чүй облусунун Шопоков шаарындагы кампалардын биринен Баткен облусунун Кулунду айылына алып келген. Көрсөтүлгөн жүктүн ээси – Кулунду айылынын тургуну жана аткезчилик менен алектенген Артык Жолчиев экендиги аныкталды.

Жүктү таразага тартууда "Кольцо" транспорттук контролдоо пунктунун кызматкерлерине ашыкча салмак үчүн 113 миң 500 сом айып салынды.

Аталган факты каттого алынып, ишти аныктоо боюнча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9585